Резина батирлери. Россияда мыйзамсыз миграция каналынын катышуучулары соттолду
Текшерүү учурунда топтун мүчөлөрү чет элдиктерге акча үчүн жалган эмгек келишимдерин жана орус тили менен тарыхын билгендигин тастыктаган сертификаттарды беришкендиги аныкталды. Мындан тышкары, алар "резина" квартираларда каттоону уюштуруу менен алектенишкен.
Бул уюмдун ишин токтотуу боюнча операцияны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ФСБ жана Росгвардиянын колдоосу менен өткөрүштү.
Соттолгондордун арасында үчөө алты жыл эркинен ажыратылса, төртөө төрт жыл, ал эми экөө экиден үч жылга чейин жаза алышты. Онунчу айыпталуучуга сот 300 миң рубль өлчөмүндө айып пул салды.
Сот бардык айыпталуучуларды РФнын Кылмыш кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.