УВД Ленин районунун: Алдамчылыкка шектелген адам кармалды
«2026-жылдын 13-февралында Ички иштер башкармалыгына М.Б. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, У. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүндү. Бул адам 2024-жылдын декабрь айында Kumtor Gold Company компаниясына жумушка орноштуруу боюнча алдамчылык жолу менен 135 миң сомду алып, изин жашырып кеткен», - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган З.У. аттуу шектүүнү кармоого жетишти, ал Ички иштер башкармалыгынын Тергөөнү жүргүзүү кызматына жеткирилди жана КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ГУВДсынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
«Учурда анын дагы алты окшош кылмышка катыштыгы аныкталды», - деп кошумчалашты маалымат кызматынан.
Эгер сиз бул жосунсуздун курмандыгы болсоңуз, анда төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирүү бериңиз:
0 (704) 433 666, 0 (502) 441 112 же 102», - деп баса белгилешти маалымат кызматынан.
Дагы окуңуз:
Бишкекте бир нече алдамчылык кылууга шектелген адам кармалды
Жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөөнү кызматы КРнын...
Акча алып, хадж уюштуруу деген шылтоо менен качып кетти
Алдамчылыкка шектүү кармалды Бишкектин Октябрь районунун укук коргоо органдары алдамчылык иштерине...
Lalafo аркылуу алдамчылык кылууга шектүү адам кармалды
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, оперативдик...
Чет өлкөнүн жерлерин 200 миң долларга сатышкан: Бишкекте чоң өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адам кармалды
Башкалаанын тургуну Н.К. Бишкектин Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына 2024-жылдын...
Бишкектик жаран "Кумторго" жумушка орношуу үчүн алдамчыга 135 миң сом берген
Милиция кызматкерлери бир нече алдамчылык аракеттерине шектелген эркекти кармашты. Бул тууралуу...
Убада берген хадж уюштурат. Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды
Бишкекте хаж уюштурам деп убада берип, алдамчылык жолу менен акчаларды алып, из жашырган эркек...