
Милиция кызматкерлери бир нече алдамчылык аракеттерине шектелген эркекти кармашты. Бул тууралуу Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматтарга ылайык, 13-февралда укук коргоо органдарына М.Б. аттуу жаран кайрылып, 2024-жылдын декабрь айында У. аттуу жаран "Кумтор Голд Компани" компаниясында жумушка орноштуруу боюнча алдап, 135 000 сом акчасын алып, качып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Милициянын ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1990-жылы туулган З.У. аттуу шектүү кармалды жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө учурунда ал дагы алты окшош кылмышка катышы болушу мүмкүн экени аныкталды.
Милиция жарандарды, эгерде алар бул алдамчынын курмандыгы болсо же анын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматка ээ болсо, төмөнкү телефон номерлерине кайрылууга чакырат:
0 (704) 433-666, 0 (502) 441-112 же 102.
Тергөө уланууда.