
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Бирдик айылында өткөрүлгөн рейддин натыйжасында акциздик маркалары жок тамеки буюмдары табылды. Бул маалымат салык башкармалыгынын басма сөз кызматынан алынды.
Текшерүү учурунда тамеки продукциясын башка транспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулду.
Аталган унаанын ичинде акциздик маркалары жок 21 миң 900 пачка ORIS жана ZUMERRET маркасындагы сигареттер табылды.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл процессуалдык чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, унаа ары карай териштирүү үчүн атайын айып токтотуучу жайга коюлду.