
Окуянын негизинде КРнын Кылмыш кодексинин 206-беренеси "Уурдоо" боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл экспертизалар башталды.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кылмышка катышкан экинчи адамды — 2007-жылы туулган Т. Ж.ны аныктап, кармады. Азыркы учурда ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайында жатат.
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, уурдалган телефон шектүүлөр тарабынан 10 миң сомго сатылган, ал эми алынган каражаттар сарпталган.
Мындан тышкары, мурда биринчи шектүү Т. Д. кармалган, ал дагы 2007-жылы туулган, учурда ИВСте жатат. Тергөө уланууда.