



КРнын ГКНБ тарабынан жүргүзүлгөн тергөө натыйжасында, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Свердлов районунун коомдук коопсуздук кызматынын үч милиционери кызматтык шалаакылык жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча айыпталып кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
КРнын ГКНБ тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, младший лейтенант А.у.К., лейтенант милиция К.А.Т. жана капитан милиция К.М.К. кармалды. Алар КРнын Кылмыш кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо, кылмыштарды жасыруу же алардын жасалышына жардам берүү боюнча айыпталууда.
Кармалгандар КРнын ГКНБнын тергөө изоляторунда жайгаштырылды. Сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө жана зарыл тергөө иш-чаралары өткөрүлүүдө.