
Талас облусунун аймагында "Бандит" жана "Арсенал" рейддик иш-чараларынын алкагында мал уурдоого байланыштуу бир нече кылмыштар ачылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 1-февралда 1973-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран милицияга кайрылып, 22-январдан 23-январга караган түнү өзүнүн сарайынан эки теленин уурдалып кеткенин билдирген. Ал укук коргоо органдарынан күнөөлүүлөрдү аныктап, зарыл чараларды көрүүнү өтүнгөн.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө облуста мал уурдоого шектелген эки адамдан турган кылмышкер тобу аныкталды. 1985-жылы туулган Ж.Р. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Ал Айтматов районунун тургуну.
Сурак учурунда Ж.Р. кылмыштарды 1981-жылы туулган Т.Н. менен бирге жасаганын моюнуна алды. Т.Н.нын азыркы убакта кайда экени белгисиз, ал издөөдө.
Тергөө учурунда Ж.Р.нын башка мал уурдоолорго тиешеси аныкталды. Ал 12 кылмыш эпизодуна катышкандыгы тастыкталды. Уурдалган малды табуу үчүн шашылыш тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн туугандарынын үйүнөн 14 баш ири кара мал табылды. Алардын ичинен үч сиыр жана 11 теленин мыйзамдуу ээлерине кайтарылды.
Зардап тарткандар милиция кызматкерлерине алардын ылдам жана натыйжалуу иши үчүн ыраазычылык билдиришти.