
Маалыматка ылайык, операция коррупцияга каршы күрөшүү максатында Ички иштер министрлигинин Ички тергөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Кармалган адам 1992-жылы туулган Б.М.Б. болуп чыкты. Ал курак жетпеген кыздын жыныстык кол тийбестиги боюнча оор кылмышты (Н.Э., С.Б. жана К.О. кирген топ тарабынан) тергеп жаткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары бардык катышуучулардын күнөөсүн тастыктаганына карабастан, тергөөчү С.Б. жана К.О. аттуу эки шектүү боюнча кылмыш куугунтугун токтотуу чечимин кабыл алган.
УКМКда кармалган адам өз чечимин легитимдештирүү үчүн курак жетпеген кызды бошотулган шектүүлөрдү коргоо үчүн жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаган деп билдиришти.
УКМКнын сүрөтү
Б.М.Б. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен камакка алынып, Кыргызстандын УКМКсынын СИЗОсуна жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, ведомстводо курак жетпеген кызга карата зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары кошумча тергелет жана бардык тиешелүү адамдар учурдагы мыйзамдар боюнча жоопкерчиликке тартылат деп маалымдашты.