
Бишкекте, «Манас» аэропортуна бараткан жолдо бүгүн 11:19 чамасында жол кырсыгы болду. Бул тууралуу милициянын патрулдук кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 1994-жылы туулган айдоочу М.Э. Hyundai маркасындагы унаасын башкарууда кыйынчылыкка учурап, даракка урунган.
Жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган адам ар кандай жаракаттар алып, тез арада райондук тез жардам ооруканасына жеткирилди. Унаада башка жүргүнчүлөр болгон эмес.
Окуянын фактысы катталып, зарыл экспертизалар дайындалды. Унаа айыппул токтото турган жайга коюлду.