
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Хулигандык" боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл экспертизалар дайындалган.
Бишкекте эр киши айдоочуну сабап, анын автоунаасынын капталындагы айнектерин талкалады.
Тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2006-жылы туулган Т. Ш. аттуу жаш жигит аныкталды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда.