
Ведомствонун маалыматына ылайык, К.А. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, 2025-жылдын июль айында 25 миң долларга бааланган ВМW Х5 унаасын алып кеткен тааныш эмес адамдарга каршы чара көрүүнү өтүнгөн.
«Потерпевшийге белгисиз адамдар ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен бөлүп төлөөнү сунушташкан. Азыркы учурда алардын тараптан милдеттенмелер аткарылган жок», — деп айтылат билдирүүдө.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын сүрөтү
Тергөөнүн органдары КРнын Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин башташты. Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири, 1994-жылы туулган Ж.У. кармалды. Азыр ал ГУВДнын убактылуу кармоо жайында жатат. Тергөө иштери уланууда.