
«Кашка-Кулак» тоо лыжа базасында лыжа тепкен кыздын жырага кулаганы боюнча окуя болду, деп билдирет Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы.
2026-жылдын 8-февралы, саат 21:40 чамасында Аламудун райондук ички иштер бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат келип түштү. Байтик айылындагы базада болгон кыз лыжа тебүү учурунда жырага кулап кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2026-жылдын 8-февралында 16 жаштагы Т.А. достору менен лыжа тебүү үчүн базага келген. Ски-пасстарды алып, алар түшө башташкан. Бир убакта Т.А. чоң ылдамдыкта жүрүп, жыранын четинде жайгашкан тосмону бузуп, жырага кулап кеткен.
Кулагандыктан кыз оор жаракат алды жана Бишкектеги Улуттук оорукананын травматология бөлүмүнүн реанимациясына шашылыш жеткирилди. Алдын ала медициналык корутунду эки бутунун, бир колунун жана омурткасынын сынганын тастыктады.
Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.