Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-январында белгисиз адамдар жабырлануучуга ар кандай телефон номерлеринен чалып, ГКНБ, ИИМ жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган. Алар алдамчылык жолу менен анын атына террордук уюмдарга акча которулганын айтып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин билдиришкен.

«Кылмыш жоопкерчилигинен качуу» жана «акча каражаттарын коргоо» деген шылтоо менен алдамчылар аялга психологиялык басым жасап, аны финансылык операцияларды жүргүзүүгө мажбурлашкан. Натыйжада, ал өзүнүн батирин сатууга жана алдамчыларга 10 миллион 600 миң сомду көрсөтүлгөн банк реквизиттерине которууга мажбур болгон.
Кийинчерээк бул адамдар алдамчылар экени аныкталып, жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек ШИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдүн жеке жактарын жана жайгашкан жерлерин аныктоого жетишишти. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2000-жылы туулган А.К., 2004-жылы туулган С.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда кылмыштын кошумча жагдайларын аныктоо жана башка мүмкүн болгон катышуучуларды табуу максатында оперативдүү-издөө иш-чаралары улантылууда.
Ушундай чалууну алган учурда, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу же 102 номерине чалуу маанилүү.