
1981-жылы төрөлгөн эркек киши 2025-жылдын 21-июнунда милицияга кайрылган. Ал январь айынын аягында белгисиз адамдардын тобу, алдамчылык жолу менен жана анын ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, анын турак жайына мыйзамсыз ээлик кылып, аны өз атына өткөрүп, андан кийин батирди үчүнчү жактарга сатканын айтып берген.
Маалыматка ылайык, материалдык зыян 80 миң долларды түзөт, бул учурдагы курс боюнча 6 991 200 сомго барабар.
Бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында укук коргоо органдары шектүүлөрдү аныктоого жетишишти: 1995-жылы туулган И.А. жана 1994-жылы туулган М.Э. экөө тең убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда.