
Коопсуздук органдарынын маалыматы боюнча, Октябрь районунун ИИБне О.А. аттуу жаран расмий арыз менен кайрылган, анда ал компаниянын директору Х.Р.га каршы чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз берүүчүнүн айтымында, 2022-жылдын 13-октябрында «Кок-Жар» аймагында жайгашкан жаңы турак үйдө батир сатуу шылтоосу менен Х.Р. алдамчылык жолу менен $18 миң сумманы алып алган. Учурда батир берилген жок, ал эми шектүү из жашырып, байланышка чыкпай жатат.
Х.Р.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Коопсуздук органдары шектүүнүн 1966-жылы төрөлгөн жеке башын аныктап, кармоо иштерин жүргүзүштү. Учурда ал Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкектин ГУВДсынын тергөө абагында жатат.
Учурда шектүүнүн башка окшош кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.