
Купуя кызматтын маалыматы боюнча, О.С.М. Ак-Суу районундагы суу чарба башкармалыгынын начальниги болуп турган учурда, 2018-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик экскаваторду жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берип, алган каражаттарды өзүнө ыйгарып алган.

Мыйзамсыз ижарадан түшкөн кирешенин суммасы 625 миң сомду түзгөн, бирок бул каражаттар ведомствонун эсеп-кысабына которулган эмес.
Мындан тышкары, техниканын үчүнчү жактар тарабынан колдонулушу анын бузулушуна алып келген. Баалоо экспертизасы экскаватордун базардагы баасы 800 миң сомго жеткенин көрсөткөн.
Ошентип, мамлекетке келтирилген жалпы зыян 1 миллион 425 миң сомдон ашып кеткен.