Иракта кармалган Кыргызстандын жараны мекенине кайтып келди — Тышкы иштер министрлиги
ТИМдин маалыматына ылайык, А.Б. Дженалиева кармалганы тууралуу жаңылыктар 2025-жылдын 7-ноябрында интернетте пайда боло баштаган. Бул боюнча Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги дароо консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле жарандын укуктарын коргоо үчүн ирак бийликтери менен өз ара аракеттенүүгө киришкен.
Сырткы саясат ведомствосу берген маалыматтарга ылайык, элчиликтин кызматкери бул кырдаал толук чечилгенге чейин ирак тарап менен туруктуу байланышта болуп, кармалган жарандын туугандары менен да байланышып, иштин учурдагы абалы тууралуу маалымат берип турган.
Ирактагы миграциялык нормалардын бузулушуна байланыштуу жарандын мажбурлап чыгарылышы чечими кабыл алынган.
Ал 2025-жылдын 26-декабрында Кыргызстанга кайтып келген.
Окуяга байланыштуу министрлик Кыргызстандын жарандарына турган өлкөлөрдүн мыйзамдарын сактоого чакырды.