
Фергана облусунда укук коргоо органдары Кыргызстандан алып келинген психотроптук заттарды контрабанда кылуу аракетин токтотушту. Операциянын натыйжасында жергиликтүү тургун кармалды, анын колунан психотроптук заттар менен толтурулган үч миңге жакын таблетка алынды, деп билдирет Podrobno.uz.
Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, операция Коканд шаарында өткөрүлгөн. Текшерүү учурунда кармалган адам отурган Gentra унаасы токтотулган.
Анын буюмдарын текшерүү учурунда мыйзамсыз түрдө өлкөгө алып келинген «Регапен» препаратынын 2797 таблеткасы табылган. Кармалган адамга кылмыш иши козголуп, камакка алуу чарасы тандалган.