Филиппиндердин жээгинде 350 жүргүнчүсү бар паром чөгүп, 15 адамдын өлүмү тууралуу маалымат бар
Окуя жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү болду, ал учурда кемеде 350дөн ашык адам болгон. Расмий булактар 316 жүргүнчүнү куткарууга мүмкүн болгонун, бирок 15 адамдын өлгөнү расмий түрдө белгиленгенин, ал эми 100дөн ашык адамдын дайынсыз жоголгонун билдиришет.
Жээк күзөтүнүн командири Ромель Дуа учурда окуянын чоо-жайы аныкталып жатканын жана териштирүү жүргүзүлөөрүн билдирди.
Ал ошондой эле Замбоанга портунан чыгып жатканда паромдун текшерүүдөн өткөнүн жана ашык жүк жүктөлгөндүгү боюнча эч кандай белгилер табылбаганын кошумчалады.