
Оперативдик кызматтар Жибек Жолу проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде бир жаран наркотиктерди чогултуу, сактоо жана таратуу менен алектенээрин билишкен.
Жыйналган материалдардын негизинде Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөөнү жүргүзүү кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча, наркотикалык заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү боюнча кылмыш ишин баштады.
Калинин жана Өзер көчөлөрүнүн бурчунда жүргүзүлгөн оперативдик иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери KIA Picanto үлгүсүндөгү унааны токтотушту. Айдоочу А.А. деп аныкталган, ал өсүмдүк келип чыккан заттын жыты бар пакетти ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди. Алынган заттын салмагы 2 килограмм 14 граммды түздү.
Алдын ала соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, бул зат наркотикалык каражат — каннабис (марихуана) деп таанылды.
Шектүү кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөөнүн иштери уланууда.