
Канбеков унаа сатуу менен алектенет жана 2023-жылдын жайында тааныштары Азиз жана анын досу Кайраттан беш унааны кредитке сатып алуу боюнча өтүнүч алган. Алар акчаны бир айдан кийин кайтарып берүүгө убада беришкен.
"Мен бир айдан ашык күттүм, бирок акча кайтып келген жок. Анан мен Бишкектин Ленин РУВДсына кайрылдым. Бирок Азиз жана Кайрат милицияга келип, мага дагы убакыт берүүнү суранышты. Алар карызды бир жумада кайтарып берүүгө убада беришти. Милция кызматкерлери арызды бир жума ичинде карап чыга турганын билдиришти", - деди Канбеков, анын арызы катталганын кошумчалады.
Анткен менен, бир жума өткөндөн кийин да карыз кайтарылган жок, милициядан эч кандай жаңылыктар келген жок. Ленин РУВДсына кайра барганда, кылмыш иши ачылбагандыгы жана Канбековго бул чечим тууралуу кабар берилбегени аныкталды.



"2024-жылдын январь айында мен Бишкектин ГУВДсына арыз жазууну чечтим. Арыз кабыл алынды, Ленин РУВДсынан иш алынып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду. Андан кийин айыпталуучулар кайра байланышып, акчаны бир айдын ичинде кайтарып берүүгө убада беришти. Бирок алар кайрадан жок болушту. Милция ишти токтотту, мага кабар бербестен", - деп кошумчалады Канбеков.Канбеков Кайраттын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинде иштегенин тактады жана ГКНБга арыз жөнөттү. Ал генерал Камчыбек Ташиев менен жолугушууну да пландаштырган, бирок ийгиликсиз болду. ГКНБга кайрылуусуна жооп катары ага чара көрүлөөрү убада берилди.

"ГУВДга кайрылгандан кийин мен Бишкектин прокуратурасына арыз жаздым. Ал жерде тергөөчүнүн токтомун жокко чыгарып, ишти кайра жандандырды, бирок тергөө иштери узак убакытка созулду, анткени айыпталуучулар суракка келбей, иш менен алек экендерин белгилешти. Натыйжада иш кайра токтотулду. Мен КРнын Башкы прокуратурасына арыз жаздым, ал арыз шаардык прокуратурага жөнөтүлдү. Жана кайрадан иш токтотулду", - деп түшүндүрдү Канбеков.Канбеков күрөшүн улантып, КРнын Башкы прокуратурасына төртүнчү жолу арыз жазды. Иш Бишкектин Ленин районунун прокуратурасына өткөрүлүп, ал жерде кайрадан козголду, бирок РУВДда кайра жабылды, бул тууралуу кабар берилген жок.
"2025-жылдын декабрь айында мен бешинчи жолу КРнын Башкы прокуратурасына тергөө жана прокуратура кызматкерлеринин аракеттерине арыз жаздым. Арыз кабыл алынды жана шаарга, андан кийин районго жөнөтүлдү, натыйжада иш кайрадан Ленин районунун РУВДсына келип, эч кандай чара көрүлгөн жок", - деп кошумчалады Канбеков.Бул убакыттын ичинде Азиз жана Кайрат ага карызды жарым-жартылай жабуу үчүн курулуп жаткан имараттан батир сунушташты, бирок анын керектүү документтери жок болчу. Алардын колунда беш кабаттуу имараттын курулушуна уруксат гана бар эле, ал эми Канбековго жетинчи кабаттагы батирди сунушташты.
"Үч жылдан ашык убакыт өттү, бирок күнөөлүүлөр жазасыз калды, зыян кайтарылган жок, укук коргоо органдары иштебей жатат. Мен тиешелүү инстанциялар мыйзам боюнча чара көрөт деп үмүттөнөм", - деп жыйынтыктады Канбеков.