Кызыл-Киеде жөө жүргүнчүнү өлтүрүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 2026-жылдын 15-январында, саат 01:20да Кулатова көчөсүндө, "Алтын-Ордо" ресторанынын каршысында болгон. Volkswagen Passat унаасы менен кагылышуудан жөө жүргүнчү өлүмгө алып келген жаракаттарды алган, ал эми айдоочу унаадан чыгып, качып кеткен.
Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүп, унаанын ээсинин жеке башын аныктоого жетишишти. Шаарда орнотулган видеокамералардын жардамы менен шектүүнү кыска убакыттын ичинде кармоо мүмкүн болду. Ал Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык аймагында жашаган, 1992-жылы туулган Ж. Б. аттуу жаран болуп чыкты. Ал тергөө органдарына өткөрүлдү.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окшош материалдар:
