Улук шаардык тургуну унаа уруп каза болду: Камералардын жардамы менен айдоочу кармалды
Бул маалыматты Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы берди.
Маалыматтарга ылайык, окуя 2026-жылдын 15-январында, саат 01:20 чамасында болгон. Кызыл-Кий шаардык ички иштер бөлүмүнө Кулатова көчөсүндө, «Алтын-Ордо» ресторанынын каршысында «Volkswagen Passat» унаасы адамды уруп, окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул маалымат ошол эле күнү Кызыл-Кий ИИБнин электрондук журналында катталды, андан кийин текшерүү башталды. Оперативдик топ окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош–Раззаков жолунун 83-километри боюнча, чыгыштан батышка карай бараткан күмүш түстөгү «Volkswagen Passat» унаасы 74 жаштагы шаар тургунун уруп кеткендиги аныкталды. Тилекке каршы, алган жаракаттарынан жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумду.
Кызыл-Кий ГОВДсынын кызматкерлери оперативдүү-издөө иштерин жүргүзүп, унаанын ээси аныкталды. Шаарда орнотулган видеокөзөмөлдүн жардамы менен 31 жаштагы Үч-Коргон айылдык аймагынын Кадамжай районунун тургуну Ж.Б. кармалды, ал тергөө органдарына өткөрүлдү.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери улантылууда.
Окшош материалдар:
