Лейлекте мыйзамсыз аңчылык менен алектенген эркек киши кармалды
Бул маалымат Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тарабынан берилди.
Текшерүү учурунда кармалган адамдын колунда 12-калибрлүү ок атуучу курал жана тиешелүү уруксат документтери жок сакталган ок-дарылар табылган.
Кармалган факт Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматты эсепке алуу электрондук журналында катталган.
Учурда зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүүдө.