Кара түтүн. Бишкектеги мейманкананын ээси 28 миң сомго айыпталды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Текшерүү учурунда түтүн булагы «Мустафа» кафесинде эмес, ошол эле даректе жайгашкан «Авангард 2» мейманканасында экендиги аныкталды.
Натыйжада, жеке ишкер С.Г.В. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 230-беренесине ылайык 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, бизнесмен менен сүйлөшүү өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын табигый ресурстарды коргоо мыйзамдарын сактоонун мааниси түшүндүрүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын кайрылууларына жана ачык булактарда жайгаштырылган билдирүүлөргө оперативдүү жооп берүүнү улантат.
Окшош материалдар:
