




Чүй облусунда Жайыл районунун ОВД кызматкери пара талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.
УКМКнын маалыматына ылайык, тергөөчү Ж.А.Ж. 13-январда кылмыш ишин токтотуу үчүн 150 миң сом талап кылгандыктан кармалган.
Кармалган адам учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайында жатат.
«Учурда УКМК башка тартылган адамдарды аныктоо үчүн кошумча оперативдүү-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө», - деп билдирилди маалыматта.