Базар-Коргондун тургуну аңчылык эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылды
Бул маалыматты Turmush кабарчысына Жалал-Абад облустук экология жана табигый ресурстар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков берди.
Залимбековдун түшүндүрмөсүнө караганда, дем алыш күндөрү башкармалыктын кызматкерлери экологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында облустун аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
«Дем алыш күндөрү экологиялык мыйзам бузуу боюнча контролду күчөттүк, анткени ушул убакта аңчылык менен алектенген жарандардын саны көбөйөт. Биздин инспекторлор облустун бардык райондорундагы токой жана суу аймактарын текшеришти. Натыйжада бир нече мыйзам бузгучуларга административдик айыптар салынды. Мисалы, Базар-Коргон районундагы Каба айылынан агып өтүүчү Кара-Ункур дарыясында аңчылык эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мыйзам бузучуга КРнын укук бузуулар кодексинин 263-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 12 500 сом айып пул салынды», - деди Д.Залимбеков.
Окшош материалдар:
