Тайландда катер балыкчы кемеге кагылды. Жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар бар
Алдын ала маалыматтар боюнча, катерде 33 россиянин, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир нече өлкөлөрдүн жарандары болгон. Тилекке каршы, алган жаракаттарынан 2008-жылы төрөлгөн Россия жараны каза болгон, — деп кошумчалады Иванов.
Басылманын маалыматы боюнча, Korawich Marine 888 оператору орус тилдүү туристтер үчүн арзан сегментте экскурсиялык сапарларды уюштуруп келген, бул кызмат көрсөтүүнүн сапатына терс таасир этет. Бул компаниянын катерлери мурда да кырсыктарга кабылганы белгиленет.
Окуя 11-январь күнү таң эрте болгон. Азыркы учурда иликтөө жүргүзүлүүдө.
Дагы окуңуз:
Тайландда катер балык уулоочу кемеге кагылып, бортуна КРдан туристтер болгон
Таиландда балыкчы кем менен катердин кагылышуусунун натыйжасында бир адам каза болду, ал эми...