Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык аял чөгүп кетти
Маалыматка ылайык, окуя жекшемби күнү болжол менен 12:40та болгон. Окуя болгон учурда аял 23 жаштагы мекендеши менен бирге сууда болгон жана экөө да сууда сүзүү учурунда кыйын кырдаалга туш болушкан.
Окуянын күбөлөрү аялдарга жардам берип, аларды сууда чыгарып, куткаруу кызматтары келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүштү. Кыска убакыттан кийин медициналык кызматкерлер жана жарандык коргоо кызматкерлери келип, жабырлануучуларды ооруканага жеткиришти.
Докторлордун бардык аракеттерине карабастан, 48 жаштагы кыргызстандык аял каза болду. Ал сууда сүзүп жаткан 23 жаштагы аялдын абалы туруктуу деп бааланууда.
Окуя боюнча териштирүү башталды.
Окшош материалдар:
