Касымалиев тар чөйрөдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты
Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Өкмөттүн маалыматы боюнча, иш-чаранын башталышында тосуп алуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү салтанаттары өттү.
Экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча негизги маселелер талкууланды.
Жыйында ЕАЭБге катышкан өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, анын ичинде Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйыны 27-мартта уланат жана ондон ашык маселени карап чыгуу пландаштырылууда.
Дагы окуңуз:
КРнын өкмөт башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты
Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында, Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык...
Без изображения
ЕЭКте 2025-жылы ЕАЭСтин үчүнчү өлкөлөр менен негизги соода келишимдери аталды
- 17-февралда Москвада форум өтүп, анда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясын жетектеген...
Без изображения
Жаңы Конституция долбоорунун мазмуну жарыяланды. Текст
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...