Баткен электр тармактары ишканасында 3 подстанциянын капиталдык оңдолушу жүргүзүлдү, - НЭСК
Иш-чаралардын алкагында 35/10 кВ «Кара-Токой-2», 35/10 кВ «Ак-Турпак» жана 35/6 кВ «Ширеч» подстанцияларында маанилүү ремонттук иштер жүргүзүлдү.
Ремонт учурунда трансформаторлор толук техникалык текшерүүдөн өтүп, эски жабдуулар алмаштырылды. Ошондой эле электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн релейдик коргоо жана автоматташтыруу системалары текшерилди, ремонт үчүн зарыл болгон иштер аткарылды.
Мындан тышкары, подстанциялардын участкаларында санитардык жана тазалоо иштерин жүргүзүү менен, объектилер коопсуздук талаптарына ылайык келтирилди.
Дагы окуңуз:
Баткен облусунда 22 подстанцияга капиталдык ремонт жүргүзүлөт
Быйыл Баткенде 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы 22 подстанцияда капиталдык иштер пландалган, деп...
Без изображения
«НЭСК» 2026-жылы 268 трансформатор сатып алат
- 2026-жылы ААК «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» 268 трансформатор сатып алууну пландап...