

Тбилисиде 11-мартта Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамыткановдун Рустави шаарында жашаган кыргызстандык жарандар менен жолугушуусу болду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда элчи катышуучуларга Грузияда болуу жана эмгектенүү эрежелерин түшүндүрдү.
Мындан тышкары, визиттин алкагында Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министрлигинин жер үстү транспорт агенттигинин директору Бакур Микадзе менен жолугушуу болуп, эл аралык автомобиль ташууларын жөнүндөгү маселелер талкууланды.