Марлен Маматалиев ТюркПАнын башкы катчысы Рамиль Хасанды кабыл алды
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) баш катчысы Рамил Хасановдун ортосунда жолугушуу өттү. Бул маалымат ЖКнын басма сөз кызматы тарабынан айтылды.
Марлен Маматалиев парламенттик дипломатиянын бир тууган элдер ортосундагы байланыштарды чыңдоодогу маанисин белгилеп, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түрк мамлекеттеринин парламенттери менен активдүү өз ара аракеттенүүгө жана ТүркПАнын алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга умтулуп жатканын айтты.
Ал ошондой эле, быйыл күзүндө Кыргызстанда ТүркПАнын кезектеги пленардык жыйыны өтөөрүн эскертип, ал продуктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана элдер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү келишимдерге жетишүү үчүн платформа болооруна ишеним билдирди.
Рамил Хасанов, өз кезегинде, учурдагы долбоорлор жана пландар тууралуу маалымат бөлүшүп, күзкү жыйынга даярдык жогорку деңгээлде жүргүзүлөрүн белгиледи.
Ал ошондой эле, Ассамблеянын катышуучу өлкөлөрүнүн парламент башчыларынын жакында боло турган бейформал жолугушуусун талкуулап, талкууланчу негизги маселелерге кыскача токтолду.
Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда Ассамблеянын башка парламенттик уюмдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүү маселеси, ошондой эле региондо жана анын чегинен тышкары, Европада жана Латин Америкасындагы парламенттер аралык бирикмелер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Эскерте кетсек, ТүркПА 2008-жылы негизделген жана Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын парламенттерин камтыйт. Ошондой эле, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан парламентчилери Ассамблеянын иш-чараларына активдүү катышып келишет.