Кыргызстанда Өзбекстан менен кызматташтык алкагында 3 миңден ашык унаа чыгарылды, - элчи
Дипломаттын айтымында, бул кызматташтыктын алкагында негизги көңүл биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө бурулган.
«Учурда биздин алдыбызда өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү милдети турат, анткени биздин экономикаларыбыз бири-бирин толуктап турат. Бизде бар нерселер кыргыз тарапка сунушталса, өзбек тарап өзүнүн ресурстарын сунуштай алат», - деди ал.
Элчи мисал катары Кыргызстанда унаа өндүрүү долбоорун келтирди, анда өткөн жылы болжол менен 3 миң унаа жыйналган.
«Бул даяр автоунаалар учурда Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулууда», - деп кошумчалады Ниязходжаев.
Мындан тышкары, ал бул долбоордун эл аралык иш-чаралардын биринде таанылганын белгиледи.
«Өткөн жылы АКШнын көз карандысыздык күнүн белгилөө учурунда менин кесиптешим, Америка Кошмо Штаттарынын элчиси, Кыргызстанда өндүрүлгөн Chevrolet маркасындагы унааларды көргөнүнө сыймыктанарын айтты», - деп жыйынтыктады ал.