



7-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга жумушчу сапар менен барып, Стамбулдагы КРнын башкы консулдугун зыярат кылды.
Бул иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, башкы консул Чыңгыз Токтобеков жана консулдук кызматкерлер катышты, деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Министр консулдук имаратындагы оңдоо иштеринин аткарылышы жана Кыргызстандын жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү шарттары менен таанышып чыкты.
Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев өзүнүн сапарынын алкагында консулдук кызматкерлер менен жыйын өткөрдү.
Ал өзүнүн сөзүндө консулдуктун негизги милдети Түркиядагы кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экенин белгиледи. Ошондой эле, консулдук мекемелердин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндөгү, эл аралык байланыштарды бекемдөөдөгү жана Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүүдөгү активдүү ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.