Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтык боюнча оң натыйжалар байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы республикадан төмөнкү айыл чарба продукциялары жиберилген:
- 40 тонна чечевица уругу Россияга.
- 1500 тонна «Лагенария» сортундагы асма кабак уругу Жапонияга.
- Кытайга 23 тонна кургатылган өрүк биринчи партиясы.
- Узбекистанга сынактар үчүн «Октябрьская 70» гибрид кукуруза.
Министрлик бул инициативалар кыргыз айыл чарба товарларын эл аралык рыноктордо илгерилетүүгө, ошондой эле фермерлерге сапаттуу продукцияны экспорттоо аркылуу кошумча киреше камсыздоого багытталганын баса белгилейт.
Мындан тышкары, министрлик экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана эл аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууну пландап жатат. Бул аракеттер жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү.
Кыргызстандан горох, асма кабак жана өрүк эл аралык рынокторго биринчи жолу чыгууда, K-News сайтында жарыяланды.