Кытайда Эдиль Байсалов жана Genertec компаниясынын башкы директору МСБны колдоо маселелерин талкуулашты
Кыргызстан Республикасынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барып, Кытай мамлекеттик корпорациясы China General Technology (Group) Holding Co., Ltd. (Genertec) компаниясынын башкы директору Цуй Чжичэн менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстандын өнөр жай потенциалын өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана биргелешкен өндүрүш кубаттарын түзүү маселелери талкууланды. Жаңы өндүрүш линияларын киргизүү жана заманбап технологияларды адаптациялоо аркылуу кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүгө басым жасалды.
Эдиль Байсалов Кыргызстан алдыңкы кытай технологияларын жана инвестицияларын тартууга кызыкдар экенин белгилеп, бул туруктуу өнөр жай чынжырларын түзүүгө жана жергиликтүү компаниялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга жардам берерин айтты.
Цуй Чжичэн болсо, Кыргызстан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндөгү Genertec компаниясынын учурдагы долбоорлору тууралуу маалымат бөлүшүп, машина куруу, энергетика жана медицина сыяктуу тармактарда Кыргызстан менен активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген биргелешкен долбоорлорду тезирээк илгерилетүү үчүн туруктуу байланыштарды сактоо зарылдыгын макулдашышты.