
Парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев аял-депутаттарды 8-Март Эл аралык аялдар күнү менен бардык эркек-депутаттардын атынан куттуктады.
Ал аялдардын үй-бүлөдөгү ролунун маанилүүлүгүн белгилеп, аларга ден соолук, бактылуулук жана кубаныч каалады.
«Аялдар өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, ар кандай тармактарда активдүү катышып жатышат. Айрыкча, аял-депутаттар мыйзам чыгаруу ишинде маанилүү роль ойношот. Жакында президент мамлекеттик органдарда гендердик квотаны киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду, анын негизинде бир жыныстын үлүшү кадрдык курамда 70% дан ашпашы керек. Бул аялдар үчүн маанилүү колдоо болуп саналат», - деп кошумчалады Маматалиев.