Түштүк Корея өкмөтү Кыргызстанга 10 электромобил өткөрүп берди, - Экономика министрлиги
Экономика министрлиги электромобилдерди өткөрүп берүү экологиялык таза транспорт каражаттарына өтүү боюнча мамлекеттик кызматтардын автопарктарын жаңылоого багытталган программасынын бир бөлүгү экенин маалымдады. Бул "жашыл" мобилдүүлүк демилгесин Экономика жана соода министрлиги Корей эл аралык кызматташтык агенттиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Ведомстводо билдиришкендей, бул долбоордун алкагындагы биринчи кадам гана. Келечекте "Кыргыз почтасы" ААКнын автопарктарын жаңылоону пландаштырууда, бул кызматтардын сапатын жакшыртууга жана туруктуу экологиялык чечимдерди киргизүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле Кыргызстандагы мамлекеттик органдар үчүн зарыл болгон заряддоо инфраструктурасы түзүлөт.