Госфинразведка финансылык секторду «Хайат Тахрир аш-Шамды» БУУнун санкциялык тизмесинен чыгарганы тууралуу маалымдайт
Кызматтын расмий сайтында жайгаштырылган маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-февралында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1267/1989/2253 резолюциялары боюнча комитети мурда ИГИЛ жана «Ал-Каида» менен байланышкан бир нече уюмдарды санкциялык тизмеден чыгарган.
Тизмеден чыгарылган уюмдардын арасында мурда «Фронт ан-Нусра» деп белгилүү болгон «Хайат Тахрир аш-Шам» (Hayat Tahrir al-Sham) тобу да бар. Бул уюм 2014-жылдын 14-майында санкциялык тизме киргизилген жана 2017-жылдын январында аталышын өзгөрттү.
Бул чечимге байланыштуу, банктарды, микрофинансылык компанияларды, алмашуу пункттарын, төлөм системаларын жана нотариустар, риэлторлор, азарт оюндарынын операторлору сыяктуу финансылык эмес субъекттерди камтыган финансылык мекемелер, санкциялык тизмелер боюнча ички маалымат базаларын жаңыртууга жана БУУнун жаңы тизмелерине ылайык комплаенс процесстерин тууралоого милдеттүү.
Бул чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1267, 1989, 2253 жана 2368 номерлүү резолюцияларынын негизинде кабыл алынды.
Кошумча маалымат:
«Хайат Тахрир аш-Шам» (арабча «Левантты бошотуу уюму», кыскартылган ХТШ / HTS) — бул сириялык куралдуу исламчыл топ.
Тарыхый фактылар:
2012 — «Джабхат ан-Нусра» («Жардам фронту») катары негизделген, Сириядагы жарандык согуш учурунда «Ал-Каиданын» сириялык бөлүмү.
2013 — лидер Абу Мухаммад аль-Джулани ИГИЛге баш ийүүдөн баш тартты, «Ал-Каида» менен байланыштарын сактап калды.
2014 — «Ал-Каида» менен байланышкан уюм катары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмесине киргизилди.
2016 — «Ал-Каида» менен байланыштарын расмий түрдө үзүп, аталышын «Джабхат Фатх аш-Шам» деп өзгөрттү.
2017-жылдын январында — бир нече козголоңчу топтор менен бириккенден кийин «Хайат Тахрир аш-Шам» деген жаңы аталды кабыл алды.
2017–2024 — Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын көзөмөлдөп, салык системасы, полиция жана соттору бар «Куткаруу өкмөтүн» түздү.
2024-жылдын ноябрь-декабрь айлары — Сирия оппозициясынын күтүүсүз чабуулун баштап, Башар Асаддын режиминин кулашы менен жыйынтыкталды.
2026-жылдын 27-февралы — БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмесинен чыгарылды.