Цифрлаштыруу. Видеонаблюдение орнотулгандан кийин кылмыштардын саны 73% га азайды
Республикалык жыйында президент Садыр Жапаров видеокөзөмөлдү киргизүү кылмыштуулукту 73%га төмөндөтүүгө жардам бергени тууралуу билдирди. Президент Ички иштер министрлиги маанилүү санариптик трансформацияны жүргүзгөнүн белгиледи.
«Күн-түн мониторинг жүргүзгөн заманбап видеокөзөмөл системалары өлкөнүн бардык аймактарына орнотулган, жана алардын орнотулушу боюнча иштер уланууда. Бул катталган кылмыштардын санынын 73%га төмөндөшүнө алып келди, ал эми камералар орнотулган жерлерде оор кылмыштар 68%га азайды», - деди ал.
Мамлекет башчысынын пикири боюнча, күчтүү мамлекетти түзүү тууралуу билдирүүлөр конкреттүү аракеттер менен бекемделиши керек: «Бул чек араларды коргоону, адилеттүүлүктү камсыздоону, кылмышкерлерди жазалоону жана ар бир жарандын коопсуздугун билдирет», - деп кошумчалады ал.
Учурда «Ынтымак Ордо» 2025-жылга жыйынтык чыгарууга арналган жыйын өтүп жатат, ага президент Садыр Жапаров катышууда.
Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэйлери, ошондой эле райондук акимдер катышууда.