Президент: Өткөн жылы 4,6 миңден ашык үй-бүлө ипотекалык батирлерди алышты
Бүгүн «Ынтымак Ордо»да өткөн республикалык жыйында президент Садыр Жапаров 2025-жылы 4 600дөн ашык үй-бүлө ипотекалык батирлердин ээлери болгонун билдирди.
Ал бул сан акыркы төрт жылда берилген батирлердин жалпы санынын жарымына жакын экенин баса белгиледи. 2021-жылдан бери өлкөдө 9 250 үй-бүлө өзүнүн турак жайына ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
«Жаңы батир ээлеринин арасында биринчи жолу турак жайга ээ болгон жаш жубайлар, ошондой эле медициналык кызматкерлер, мугалимдер жана бюджеттик тармактын кызматкерлери бар, алардын көпчүлүгү бул учурду көп жылдар бою күтүшкөн», — деди президент.