


2025-жылдын башынан бери Россия импортту катуу көзөмөлдөөгө алуу чечимин кабыл алды, бул Евразия экономикалык биримдигинин алкагында "сары импорт" менен күрөшүүгө багытталган. Бул өзгөрүүлөр Кыргызстандан товар экспорттоого олуттуу таасир тийгизди, айрыкча текстиль тармагында. "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемесинин орун басары Тилек Жумалиев жана экономист доктор Толонбек Абдыров ИА "Кабар" үчүн бажы контролунун күчөтүлүшүнүн Кыргызстанга тийгизген кесепеттерин комментарийлешти.
«Биз өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Россияга экспорттун өсүшүнүн жайлашы байкалганын белгиледик, бул жеңил өнөр жайынын жана бир катар айыл чарба товарларынын продукциясына тиешелүү. Экспорттоочулар сертификаттоо боюнча жаңы, катуу талаптарга дуушар болушууда, бул болсо жеткирүүлөрдү кыйындатууда», - деди Жумалиев.

«Кичи жана орто бизнес үчүн кыска мөөнөттүү келечекте бул кирешелердин төмөндөшүнө алып келет, анткени көптөгөн ишкерлер жөнөкөйлөтүлгөн документтерди же "сары" схемаларды колдонушкан. Натыйжада, алардын көпчүлүгү рыноктон чыгып кетүүгө же легалдуу жеткирүүлөргө өтүүгө мажбур болушат», – деп кошумчалады Жумалиев.
Ал ошондой эле, Кыргызстандагы көптөгөн компаниялар Россия тарабынан киргизилген жаңы талаптарга ылайыкташып, эл аралык сапат стандарттарын киргизип жатканын белгиледи. Ири фирмалар бул шарттарга алда канча ылайыкташып алышты.
«"Кыргыз Экспорт" борбору Россиянын импорттоочулары тарабынан коюлган жаңы талаптарга арналган тренингдерди жана семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Эксперттер ылайыкташтыруу декларациясын, сертификат жана "Честный знак" маркасын кантип алууну түшүндүрүшөт. Биз ошондой эле зарыл болгон аракеттер боюнча кадамдык нускамаларды, адистердин байланыш маалыматтарын жана кызматтардын баасын иштеп чыктык», - деп баса белгиледи Жумалиев.
Өтүп жаткан мезгилдин кыйынчылыктарына карабастан, бизнеси "актандыруунун" артыкчылыктары ачык болуп жатат. Бул мамлекеттик бюджеттин өсүшүнө, салык кирешелеринин көбөйүшүнө, инвесторлор үчүн кызыктуулуктун жогорулашына жана ачык экономика түзүүгө алып келет, бул чет элдик инвесторлорго кызыктуу болот. Бизнестин легалдуу иштеши эсептердин блокировкасы жана башка санкциялык тобокелдиктерден качууга жардам берет», – деп жыйынтыктады ал.Таронбек Абдыров Россия тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБ алкагында соодага таасир этүүдө жана Кыргызстан аркылуу экспорт жана реэкспорт структурасын өзгөртүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Мындай чаралар Россия менен соода жүргүзгөн өлкөлөргө таасир этет деп болжолдонууда. Кыргызстан үчүн бул, биринчи кезекте, төмөнкү жеткирүүлөр менен кичи ишканалар үчүн белгилүү кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Ошентсе да, жаңы эрежелер орто жана ири компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн. Эксперт Россия өзүнүн жеткирүүлөрүн толук легалдаштырууга жана "сары" схемаларды жоюуга умтулуп жатканын баса белгилейт, бул Кыргызстан аркылуу реэкспортду акырындык менен чектөөгө алып келет.
«Өтүп жаткан мезгил документтерди даярдоо жана логистика маселелери боюнча кыйын болушу мүмкүн. Бирок, процесс жөнгө салынган сайын, жагдайдын жакшыртылышы күтүлүүдө», - деп кошумчалады Абдыров.
Ал ошондой эле, узак мөөнөттүү келечекте жаңы шарттар Кыргызстандагы орто жана ири компаниялар үчүн көбүрөөк пайдалуу болушу мүмкүн экенин белгиледи. Бул өнүгүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк катары каралышы мүмкүн.Мындан тышкары, ЕАЭБ алкагында соода процесстерин санариптештирүүгө көңүл бурулууда. Россия бул багытты активдүү өнүктүрүүдө жана санариптик инструменттерди, анын ичинде СПОТ механизмдерин (базардагы учурдагы баа боюнча дароо жеткирүү) жакшыртуу боюнча иштерин улантууда. Мындай шарттарда рыноктун катышуучулары жаңы эрежелерге ылайыкташып, өз ишмердүүлүгүн ушул талаптарга ылайык уюштуруу керек, деп белгиледи эксперт.