Суу жетишсиздиги Борбордук Азияда 2028-жылга чейин жылына 5-12 куб.км түзүшү мүмкүн, - ЕАБР
Банк аналитиктери Борбордук Азия климаттын өзгөрүүлөрүнө эң осал региондордун бири болуп эсептелинерин белгилешет.
"2028-жылга чейин суу жетишсиздиги жылына 5-12 куб. км чейин көбөйүшү күтүлүүдө", - деп белгиледи Подгузов.
Ал эски инфраструктуранын кесепетинен көптөгөн суу ресурстары жоголуп жатканын кошумчалады.
"Устундукка жетүү үчүн биринчи кезекте регионго таасир эткен чакырыктарды, демографиялык өзгөрүүлөрдү, транспортту жана суу менен камсыздоону чечүү керек. Бул факторлор бири-бири менен тыгыз байланышта", - деп эсептейт ЕАБРдин төрагасы.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, 2025-жылга чейин Борбордук Азиянын калкы 84 миллион адамдан ашат.