Араван районунда 18 га жер мыйзамсыз приватизацияланып, курулган, - депутат
Ал 18 гектар жерди «Ш.Н.» аттуу жарандын, мурда коопсуздук органдарында кызматта болгон, менчиктештиргенин билдирди.
Анын маалыматына ылайык, аталган жер участкасында учурда мыйзамсыз курулуш жүрүп жатат.
Депутат ички иштер министрлигине жана Генералдык прокуратурага кырдаалга кийлигишип, мыйзам чегинде чечүүнү өтүндү.