Кичи жана орто бизнес 2025-жылы 1 миллионго жакын адамды жумуш менен камсыз кылды, - Минэкономика
Экономика министрлиги билдиргендей, МСП-2030 программасынын негизги максаты кичи жана орто бизнес үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү жана корголгон колдоо системасын түзүү болуп саналат. Бул туруктуу экономикалык өсүшкө, жумуш ордун көбөйтүүгө, инновациялык активдүүлүктү жогорулатууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жардам бериши керек.
Министрлик МСП секторундагы жумуш менен камсыз болгондордун үлүшүн учурдагы 40-45% эмгекке жарамдуу калктан 60% га чейин жогорулатууга, ошондой эле кичи жана орто ишканалардын продукциясынын экспорту 25% дан кем эмес өсүшүн камсыздоого пландаштырууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кичи жана орто бизнес тарабынан өндүрүлгөн товарлардын экспорту 2024-жылы 1,2 миллиард долларды түзгөн.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Жылдын жыйынтыктары Tazabekтен. 2024-жылы Кыргызстандагы 30 миңден ашык ишканалар дээрлик 800 млрд сом табыш тапты
- 2024-жылы 30 миңден ашык ишканалар жана уюмдар реалдуу экономика секторунда иштеп жатты. Жылдын...