
2026-жылдын 19-февралы күнү Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектиндеги курулуш иштерин текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр компания тарабынан курулуп жаткан объекттин бекитилген долбоорго ылайык келбей жаткандыгын белгиледи.
«Шаар куруу нормалары жана шаар куруу кеңешинде каралган бекитилген эскиз чечимдери сакталбай жаткандыктан, биз курулган конструкцияларды бузуп, жашыл жана фонтандык зоналарды баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз», — деп баса белгиледи мэр.