Президент жылуулук энергиясынын тарифтеринин айырмасын субсидиялоону 2033-жылга чейин узартты
Жаңы документке ылайык, №89 указдын биринчи пункту кайра иштелип чыкты. Эми ал 2033-жылга чейин тарифтердеги айырманы жабуу үчүн жарандарга субсидия берүүнү улантууну сунуштайт.
Мурда №89 указында 1-пункт жылуулук камсыздоочу компанияларга субсидия берүүнү 2028-жылга чейин токтотуу пландары тууралуу маалымат камтылган.