
Жогорку Кеңештин депутаттары өз жыйынында экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулун узатышып, ага салттуу чапан жана тебетей кийишти. Бул анын парламенттеги спикерлик кызматына болгон урмат жана ыраазычылык белгиси болду.
Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүн Нурланбек Тургунбек уулу тораганын ыйгарым укуктарынан баш тартуу чечимин кабыл алды, бирок ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп калат.
Анын ордуна жаңы спикер — Марлен Маматалиев шайланды.