МИД: 26-мартта Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу маршруту боюнча түз авиарейс ачылат
Талкуу учурунда катышуучулар Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу маршруту боюнча туруктуу рейстин ишке киргизилишин, ошондой эле Бишкек—Гуанчжоу—Санья (Хайнань провинциясы, Кытай) жаңы багытын ачуу мүмкүнчүлүгүн карашты.
Кытай тараптын маалыматы боюнча, Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу рейси 2026-жылдын 29-мартында ачылышы пландалууда. Учактар жума сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү учуп турат. Авиа билеттери 2026-жылдын 11-февралынан баштап сатууга чыгат.
Дагы окуңуз:
Asman Airlines Кыргызстан боюнча субсидияланган рейстердин тармагын кеңейтет
Авиа компания ички маанилүү маршруттар боюнча бекитилген жеңилдик тарифтери менен учуулардын...